Жогорку Кеңеш АКШга, Россия, Кытай, Түштүк Кореяга элчи болчуларды карайт

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүРабочая поездка президента РФ В. Путина в Ленинградскую область
Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Ленинградскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул маселелер парламенттин профилдик комитетинин күн тартибине киргизилген.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 15-январдагы жыйынында АКШга, Россияга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчилерди дайындоо маселесин карайт

Ишенимдүү булактын берген маалыматы боюнча Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматына Канайым Бактыгулова, Россиядагы элчи кызматына Аликбек Жекшенкулов, Түштүк Кореядагы элчиликтин жетекчилигине Динара Кемелова жана АКШдагы элчи кызматына Болот Отунбаевдин талапкерлиги каралууда.

Ырчы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ырчы, механик, философ... Чет өлкөлөрдө кимдер КР элчиси болуп отурат
Белгилей кетсек, Кемелова учурда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары болсо, Болот Отунбаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп 2016-жылдан бери иштеп келе жатат. Мындан сырткары, 2017-жылдан тарта Норвегия, Швеция жана Дания мамлекеттеринде Кыргызстандын өкүлүнүн милдетин аткарып келе жаткан

Ал эми Канайым Бактыгулова буга чейин 2013-2017-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы жана Монголиядагы элчиси болуп иштеген. Аликбек Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп эмгектенип, 2005-2007-жылдары ТИМди башкарган.

Тышкы иштер министрлигинин 2018-жылдын 4-декабрына берген маалыматы боюнча учурда тогуз мамлекетте Кыргызстандын элчиси жок. Алар — Түркия, Кытай, Түркмөнстан, Малайзия, Япония, Индия, Түштүк Корея Республикасы, Афганистан жана Азербайжан.

Жаңылыктар түрмөгү
0