101 млн. сом... Сапар Исаковго эми Тарых музейи боюнча айып тагылды

Жазылуу
УКМК Исаковго дагы башка айыптарды койду.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго эми Тарых музейинин капиталдык ремонтунун жасалышы боюнча айып тагылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2018-жылдын 31-декабрында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүмү ("Оор жагдайларды жараткан коррупция") боюнча күнөө коюлган.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коррупция менен күрөштөн түшкөн акча кайда жумшалат. Президент жооп берди
Тергөөнүн жүрүшүндө 2016-жылы кыргыз өкмөтү Түркиянын премьер-министринин аппараты алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия башкармалагы (ТИКА) менен Мамлекеттик тарых музейин толук реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлганы аныкталды. Келишим боюнча Түркия үч жылдын ичинде 15 миллион доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүп бермек. Бирок музейди реконструкциялоодо КР президентинин аппаратынын мурунку жетекчиси Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жумушту 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтсүн деген негизсиз талаптарынан улам Түркия тарап ишин улантуудан баш тарткан. Жыйынтыгында музейди реконструкциялоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 520 миллион 309 миң сом өлчөмүндө кошумча каражат сарпталган.

Белгилей кетсек, аталган сумманын 4 миллион доллары музейдин тегерек-четин, маңдайкы бетин оңдоого, көрктөндүрүүгө сарпталган.

"2017-жылы Сапар Исаков жеке адамдар менен мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп, мыйзамдарды бузуп, өлкө кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алуунун процедурасын өткөрбөстөн, музейге жаңы экспозиция жасатууга германиялык компанияны катыштырган. Натыйжада белгиленген компания Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бекиткен музейдин концепциясына туура келбеген экспонаттарды жана жабдыктарды, атап айтканда, кафетерийге кымбат баадагы жабдуулар, эки ак аттын макетин, 59 дарактан турган инсталляцияны жана анын жыгач койгучтарын 55 миллион 593 миң 772 сомго жасап берген", — деп айтылат маалыматта.

Немис компаниясы тарабынан алып келинген керектелүүчу материалдардын (клей, кагаз скотч, силикон түтүкчөсү, кол каптар, балка, бургу, таштанды кабы ж.б.) баасы Кыргызстандагы ички базардагы баасынан айырмасы 3 миллион 785 миң 600 сомду түзгөн.

Мындан тышкары, немис компаниясы менен улуттук валютада эмес, евро курсу менен түзүлгөн мыйзамсыз келишимдин айырмасы 42 миллион 311 миң 428 сом болгон.

Ошентип Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жасаган кылмыш иштери мамлекетке 101 миллион 690 миң 800 сом өлчөмүндө зыян келтирген.

Бүгүнкү күнгө чейин музейди реконструкциялоо иштери бүтө элек.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Ал 2018-жылы 31-августта ачылмак, бирок мөөнөтүндө иштеген эмес. 
Жаңылыктар түрмөгү
0