Аймен Касенов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондундагы кызматынан бошотулду

© Фото / пресс-служба РКФРАймен Касенов. Архив
Аймен Касенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Аймен Касенов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөлүгүнөн бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бул чечим Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Белгилей кетсек, фонддун башкармалыгында беш мүчө бар. Алардын үчөө Кыргызстан тараптан шайланса, экөө Россия тараптан белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0