2018-жылы иштен ызы-чуу менен айдалгандар. Премьер-министрден милиционерге дейре

© AP Photo / Petros GiannakourisФонд коммерческих компаний Греции
Фонд коммерческих компаний Греции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жыл окуяга, жаңжалдарга мол болду, натыйжада жумуштан чуу менен узагандар да арбын катталды. Алар туурасында Sputnik Кыргызстандын жылды жыйынтыктаган түрмөгүнөн окуңуздар.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Сапары карып бараткан жыл бир топ жаңжал менен эсте калды, алардын айынан ири аткаминерлер да, алардан төмөнүрөөк деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер да жумушунан кол жууду.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы чуу менен кызматынан айдалгандарды бир сыйра эстеп чыкты. Алар кызматтан кетирилген күнүнө жараша тизмектелди.

Өкмөттүн бүтүндөй бир бөлүмү иштен кетти

8-январда агездеги премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлү Санжар Уметалиевди кызматтан алды, ал киши бул иш менен өкмөттүн аппарат башчысынын орун басарлыгын да аркалачу. Ошол эле күнү өкмөт аппаратынын ЕАЭБ маселелери боюнча бөлүмүнүн беш кызматкери тең иштен кеткен Ага "ЕАЭБдин бажы кодекси тууралуу келишимин ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун даярдоодо кетирилген катачылыктар себеп болгон. Мыйзам 15-январда күчүнө кирмек, ал тургай, 1-январдан тарта талап кылынган эле.

ТЭЦтеги кырсыктан улам жумуштан алынгандар

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловТЭЦ башчысы Нурлан Өмүркул уулу
ТЭЦ башчысы Нурлан Өмүркул уулу - Sputnik Кыргызстан
1/3
ТЭЦ башчысы Нурлан Өмүркул уулу
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевУлуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев
Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев - Sputnik Кыргызстан
2/3
Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Электр станциялары" ААКынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев
Электр станциялары ААКынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев - Sputnik Кыргызстан
3/3
"Электр станциялары" ААКынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев
1/3
ТЭЦ башчысы Нурлан Өмүркул уулу
2/3
Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев
3/3
"Электр станциялары" ААКынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев

Борбор калаанын ТЭЦиндеги кырсыктан кийин 2-февралда анын башчысы Нурлан Өмүркул уулу иштен бошотулган. Андан соң бир топ кылмыш иши козголгон. Бир катар энергетиктер кызматынан кол жууган, алардын көпчүлүгү ушул тапта тергөө абагында. Айрымдарын иштен кетирилгенге чейин эле, кээсин жумуштан алынганда камакка алышты. Алардын ичинде Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, "Электр станциялары" ААКынын мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаев, анын биринчи орун басары Бердибек Бокоев, ишкананын техникалык директору Алмазбек Жусупбеков жана башка энергетиктер бар.

Чындап "чык эшикке" болгондор

Мамлекеттик архитектуралык курулуш агенттигинин башчысынын орун басары Алмазбек Абдыкадыров 2017-жылдын июнь айында коомчулукка кеңири таанылган. Агездеги премьер-министр, азыркы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарын даярданбай келгендиги үчүн министрлер кабинетинин жыйынынан кууп чыккан. Аткаминерлер республиканын түштүгүндөгү өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу маселелерин талкуулап жатышкан. Мамлекеттик архитектуралык курулуш агенттигинин башчысынын орун басарынын сөзүн бөлүү менен премьер суроолорун узаткан. Абдыкадыров аларга жооп кайтара албай буйдалган. Ошондо өкмөт башчысы "Чык эшикке!" деп ачууланган, аткаминер жыйын залынан чыгып кеткен. Бирок кызматтан ал киши узап бараткан жылдын март айында гана алынды. Ошол убактагы өкмөт башчы Сапар Исаков Абдыкадыровдун ишин майнапсыз деп атаган.

Дайындоо менен кызматтан алуу теңме-тең

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-башкы прокурор Индира Жолдубаева
Генеральный прокурор КР Индира Джолдубаева - Sputnik Кыргызстан
Экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева
2015-жылдын январында Жогорку Кеңеш 105 добуш менен Индира Жолдубаеванын талапкерлигин башкы прокурорлук кызматка бекиткен. 2018-жылдын 11-апрелинде мамлекет башчысынын Жолдубаеванын отставкасы тууралуу демилгесин так ушунча депутат колдоп берди. Президент өз сунушун башкы прокурор коюлган маселелерди аткара албады деп негиздеген.

Сапар Исаковго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

19-апрелде Жогорку Кеңеш чагылгандай тездик менен Сапар Исаков башында турган өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөттү. Айрым депутаттардын айтымында, мындай көрүнүш тарыхта биринчи ирет орун алды. Ишенбөөчүлүктүн айынан ал "экс-премьер" наамынан да, компенсациядан да кур калды. Эртеси эле күнү Кыргызстанда Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген жаңы өкмөт куралды. Июнда Исаков ЖЭБди заманбапташтыруудагы жемкорлук иши боюнча камакка алынды.

Президенттин буйругу менен 7-апрелде Болот Сүйүнбаев УКМКнын Тоболдиктерди анализдөө жана болжолдоо кызматынын директорлугунан алынды. 16-апрелде ошол маалдагы өкмөт башчы Исаков тарабынан Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭККМК, Финпол) төрагалыгына дайындалды. Бирок туура 10 күндөн кийин аны жаңы премьер Абылгазиев кызматынан бошотту

Бурулайдын өлүмү. Милиция жетекчилери иштен айдалды

© © Sputnik19 жашында жайраган Бурулайдын окуясы кандай болгон. Видеохронология
19 жашында жайраган Бурулайдын окуясы кандай болгон. Видеохронология - Sputnik Кыргызстан
19 жашында жайраган Бурулайдын окуясы кандай болгон. Видеохронология
27-майда кыргызстандыктардын үрөйүн учурган каргаша болду. Марс Бөдөшев аттуу жигит досу менен бирге 19 жаштагы Бурулай Турдали кызын ала качат, бирок аларды колго түшүрүп, Жайыл РИИБине алып келишет. Милиционерлер Бурулай менен Марсты бир бөлмөгө калтырышат. Жигиттин жанында бычак болгон экен. Ал кызды мыкаачылык менен өлтүрүп, өз жанын да кыюуга аракет кылган.

Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Атамбаев. Эки эрендин эрегиши эмнеге алып келет? Пикирлер
Мындай чектен чыккан окуяга жол берген 23 укук коргоо кызматкери жаза алып, бешөө иштен кетирилген. Сегизи кызматынан алынып, дагы жетөө ишке ылайыксыз деп табылган, калганы тартипке чакыруу жазасын алды. Тагыраагы, Чүй облустук ИИББ башчысы Нурлан Сарчаев, анын орун басарлары Канат Жумаев, Марлис Асанов жана Жайыл РИИБ жетекчиси Муратбек Исмаилов кызматынан кол жууду.

Бөдөшев биринчи баскычтагы сотто күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды.

Эс алып жүрүп ээрден шыпырылды

12-июлда Бишкек шаардык кеңешиндеги беш фракциянын тең лидерлери БШКнын кезексиз жыйынын өткөрүүнү демилгелешти. Күн тартибине калаа мэри Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси коюлду. Ошол чакта ал эмгек өргүүсүндө эле. Эртеси, 13-июлда, БШК депутаттары бир добуштан ишенбөөчүлүк көрсөтүп, мэрди отставкага кетиришти. Бир нече күн өтпөй ал камакка алынды. Азыр ал төрт кылмыш ишине катыштыгы бар делип, УКМКнын Тергөө абагында кармалууда

Жемкорлукка каршы митинг

Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматкери Анара Мамбеталиеваны быйыл 15-августта өзүнө айтпастан иштен кетиришет. Бул буйруктан ал бир апта өтүп кабардар болот. Өзүнүн айтымында, ал Мамлекеттик экотехинспекциянын жемкорлук чийимдеринин изин таап, ага каршы күрөшүп келген. Жемкорлукка ал аталган мекеменин жакында кызматтан алынган статс-катчысы Таалай Асылбековду, ошондой эле кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Самат Керимкуловду жана каржылык башкармалык бөлүмүн жетектеген Гүлкайыр Жумашеваны айыптаган

Мамбеталиеванын президент Сооронбой Жээнбековго кайрылуусунан соң КР Коопсуздук кеңеши андан арыз жазып, далилдерди келтирүүсүн өтүнгөн. Бир ай өткөн соң Коопсуздук кеңеши Мамбеталиева мыйзамсыз иштен алынган деп тапкан. Эки аптадан кийин Мамлекеттик экотехинспекция аны кайра кызматына коюуга буйрук чыгарган.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин "корвалолдук" азабы

© Фото / пресс-служба ЖКЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мурдагы орун басары Зууракан Каденова
Экс-замминистра труда и социального развития КР Зууракан Каденова - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мурдагы орун басары Зууракан Каденова
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигин сентябрдын аягынан октябрдын биринчи жарымына чейинки убак кыйла азапка салды. Сеул — Алматы каттамын кармаган мас абалында салынган чыр — министрдин орун басары Зууракан Каденованы кызматынан алууга себеп болду. Андан ары депутаттар Эмгек министрлигинин жетекчиси Таалайгүл Исакунованын негизсиз иш сапарларын козгоп чыгышты. 11-октябрда ал өз арызы боюнча бошотулду
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭмгек министрлигинин эски жетекчиси Таалайгүл Исакунова
Министр труда и социального развития КР Таалайкул Исакунова - Sputnik Кыргызстан
Эмгек министрлигинин эски жетекчиси Таалайгүл Исакунова

Ошол эле күнү өкмөт башчысы министрдин дагы бир орун басары Лунара Мамытованын арызын кабыл алды. Ал эки жаңжалдын каарманына айланган, адегенде дипломатиялык паспортту жеке максатта колдонгондугу үчүн, кийин Кыргызстандагы пенсионерлер чет өлкөдө эс алууга каражат топтой алары туурасындагы билдирүүсү менен коомчулуктун каарына калды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистрдин эски орун басары Лунара Мамытова
Заместитель министра труда и социального развития Лунара Мамытова  - Sputnik Кыргызстан
Министрдин эски орун басары Лунара Мамытова

13-октябрда экинчи орун басары Жылдыз Полотова да өз эрки менен кызматтан кетүү арызы менен иштен бошотулган

Ошентип министрликтин жетекчилиги толугу менен алмашты.

ЖКККБ кызматкерлери жардамга кол сунбай…

Декабрдын башында Интернетте жана ЖМКда алдыңкы айнектери караңгылатылган унааны жол инспекторлору токтоткон тасма тарады. Машинадан аялдын кыйкырыгы жана терезени тыкылдатканы угулуп турган. Айдоочу ал жагдайды агасы аялы менен урушуп келе жатат деп түшүндүргөн. Бирок унаадан: "Мен анын аялы эмесмин!" деген үн угулат. Инспекторлор жардам өтүнүчүнө кулак жапырышкан. Жыйынтыгында милиционерлер ага айып салып гана кое беришкен. Кызматтык иликтөөнүн натыйжасы менен кенже инспекторлор — милициянын прапорщиги А.Б. жана милициянын сержанты И.Б. иштен айдалып, ал эми батальон командири, милициянын майору Р.К. өз арызын жазган.

Транспорт министринин иштен кетиши

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорог КРКамакка алынган транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев
Заместитель министра транспорта и дорог Азимкан Жусубалиев - Sputnik Кыргызстан
Камакка алынган транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев
5-декабрда транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Министр Жамшитбек Калилов үч ай мурун анын орун басарынын паракорлугу боюнча кабар алганы аныкталган. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында Калиловду тургузуп, анын ордунда болсо орун басары пара менен кармалгандан кийин эле арызын жазып, убактылуу кызматтан четтеп турарын айткан. Жээнбеков кол алдындагыларынын ушундай жоруктары үчүн жетекчилерди кызматтан алуу керектигин да белгилеген. Премьер-министрге аталган министрлик жетекчисин кызматынан убактылуу четтетүүнү тапшырган. Бирок ага жеткирбей, Калилов өз эрки менен отставкага кетти
© Пресс-служба президента КРБул жерде уялбай отурат! Президенттин министр Калиловду зекиген видеосу
Бул жерде уялбай отурат! Президенттин министр Калиловду зекиген видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бул жерде уялбай отурат! Президенттин министр Калиловду зекиген видеосу

Жаңылыктар түрмөгү
0