Жээнбеков: соттук процесстин видеосун каалаган адам көрө алгыдай болушу керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйынында
Президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы соттук реформаны создуктурууга убакыт калбаганын, 2019-жылы аны сөзсүз ишке ашыруу керектигин айтты.

БИШКЕК, 27-Дек. — Sputnik. Тез арада өлкөдөгү бардык соттук залдарда аудио жана видео жабдуулар коюлуп, сот процесстери трансляциялана башташы зарыл. Мындай талапты президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйынында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага койду.

"Соттук процесстердин аудио жана видеолору эч качан жарандардан жашыруун болбошу керек. Ал сотко тиешеси бар, каалагандардын баары процессти көрүп-билип турушу шарт. Ошондо гана сотторго элдин ишеними кайтат", — деди президент.

Мындан тышкары, өлкө башчы соттук реформаны создуктурууга убакыт калбаганын, 2019-жылы аны сөзсүз ишке ашыруу керектигин кошумчалады.

Кыргызстанда 2010-жылы башталган соттук-укуктук реформа уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0