23:56 18 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйынында

Жээнбеков: соттук процесстин видеосун каалаган адам көрө алгыдай болушу керек

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
52 0 0

Өлкө башчы соттук реформаны создуктурууга убакыт калбаганын, 2019-жылы аны сөзсүз ишке ашыруу керектигин айтты.

БИШКЕК, 27-Дек. — Sputnik. Тез арада өлкөдөгү бардык соттук залдарда аудио жана видео жабдуулар коюлуп, сот процесстери трансляциялана башташы зарыл. Мындай талапты президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин экинчи жыйынында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага койду.

"Соттук процесстердин аудио жана видеолору эч качан жарандардан жашыруун болбошу керек. Ал сотко тиешеси бар, каалагандардын баары процессти көрүп-билип турушу шарт. Ошондо гана сотторго элдин ишеними кайтат", — деди президент.

Мындан тышкары, өлкө башчы соттук реформаны создуктурууга убакыт калбаганын, 2019-жылы аны сөзсүз ишке ашыруу керектигин кошумчалады.

Кыргызстанда 2010-жылы башталган соттук-укуктук реформа уланууда.

Тема боюнча

Жээнбеков: соттук реформаларга эскиче ой жүгүртүүлөр тоскоол болууда
Белгилер:
трансляция, видео, реформа, сот, Гүлбара Калиева, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ