БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жаңы депутат Өмүрбек Бакиров (КСДП) Жогорку Кеңеште ант берди.
Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Бакировго 26-декабрда мандат тапшырган болчу.
Ал Музаффар Исаковдун ордуна депутат болуп келди. Исаков депутаттык мандатынан өз ыктыяры менен баш тартуу боюнча арыз жазган.