Финчалгындоо кызматынын жетекчисине сөгүш берилди

Жазылуу
Буга чейин Финансылык чалгындоо кызматы банктардан эсеп жана ячейка ээлери боюнча маалыматты талап кылган каттын сүрөтү тараган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Мындай чечимге эмне себеп болгону маалыматта айтылган эмес.

Негизи Финчалгындоо тууралуу жаңылыктар өтө эле аз. Бирок акыркы күндөрү коомчулук аталган кызматтын аракеттерин кызуу талкууга алып жатат.

Работа ОАО «АИКБ “Татфондбанк”» в Казани - Sputnik Кыргызстан
Ячейка ээлери боюнча реестрдин кандай зарылдыгы бар? Финчалгындоонун жообу
Буга чейин социалдык тармактарда Финансылык чалгындоо кызматы банктардан эсеп жана ячейка ээлери боюнча маалыматты талап кылган каттын сүрөтү тараган. Мындан улам аталган кызмат мыйзамдан тышкары эч кандай кадам жасабаганын, "бирок бул ачыкка чыгарбай турган купуя маалымат болчу" деген пикирин айткан.

Андан соң Улуттук банк Финчалгындоо кызматынын бул талабы "Улуттук банк, банктар жана банктык ишмердик" тууралуу мыйзамга туура келбей турганын жар салган. Ал эми Финчалгындоо ячейка ээлери боюнча реестрдин кандай зарылдыгы бар экенин түшүндүрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0