Ирина Карамушкина: жыйынга келбеген депутаттарды маянасынан ажыратуу керек

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат ЖК Ирина Карамушкина
Депутат ЖК Ирина Карамушкина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат бул көрүнүш чакырылгандарды жана эң башкысы, депутаттардын өзүн сыйлабагандык деп ызаланды.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина саат 14:00дөн кийинки жыйынга болгону 10 депутат катышып жатканын, андыктан жыйынды токтотуу керектигин айтты.

"Залда азыр эки фракциянын депутаттары жок. "Республика — Ата Журт" менен "Кыргызстан" фракциясынан бирден депутат отурат. Жыйынды өткөрүүнүн канчалык кажети бар? Бул чакырылгандарды, эң башкысы, өзүн сыйлабагандык. Азыр жыйынды токтотуп, ордунда жок депутаттардын бир күндүк маянасын кесели", — деди Карамушкина.

Төрага Дастан Жумабеков кворум бар болгондуктан ал жыйынды баштаганын айтып, каттоодон 71 депутат өткөнүн кошумчалады.

Ал эми Карамушкина каттоодон кайра өтүүнү сунуштап, ал колдоо тапты. Экинчи жолку каттоодон 74 депутат өтүп, кворум бар деген негиз менен төрага жыйынды улантты.

Жаңылыктар түрмөгү
0