Депутат: финансы министрине Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги көрсөтүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель правления "Государственной ипотечной компании" Бактыгуль Жеенбаева
Председатель правления Государственной ипотечной компании Бактыгуль Жеенбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адылбек Касымалиев кызматтан кеткенден бери анын орду бош турган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Финансы министрине Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, кароо маселеси Жогорку Кеңешке келип түшкөнүн депутат Исхак Масалиев билдирди.

Учурда Жээнбаеванын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жабык эшик артында карап жатат. Журналисттер киргизилген жок. 

Белгилей кетсек, мурдагы финансы министри Адылбек Касымалиев 6-декабрда кызматтан кеткен

Социалдык тармактарда тараган маалымат боюнча Касымалиевдин ордуна Бактыгүл Жээнбаеванын келери айтылууда.

Жээнбаева быйыл июлдан бери президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0