Мунайдын жалпы рыногун түзүү. ЕАЭБ саммитинде кол коюлган документтер

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЦеремония фотографирования глав государств-участников Содружества Независимых Государств после заседания Высшего Евразийского экономического совета в расширенном составе.
Церемония фотографирования глав государств-участников Содружества Независимых Государств после заседания Высшего Евразийского экономического совета в расширенном составе. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санкт-Петербург шаарында өткөн жыйында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

САНКТ-ПЕТЕРБУРГ, 6-дек. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында жалпысынан 10 документке кол коюларын Россиянын президенти Владимир Путин кеңири форматтагы жыйында билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: ЕАЭБ ичинде 4 тармактагы чектөөнү алып салыш керек
Путин тар чөйрөдөгү жолугушууда бирдиктүү санариптик аймакты түзүү, валюта-финансылык, акча-насыялык саясатта тыгыз координациялык иштерди алып баруу боюнча сөз болгонун белгиледи.

Андан сырткары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер үчүн маанилүү делген маселелер талкууланганын айтты. Анын ичинде газ, мунай жана мунай продуктуларынын бирдиктүү рыногу тууралуу программа түзүү маселеси да бар.

Россиянын президенти жолугушууда космосту өздөштүрүү, атап айтканда аппараттарды учуруу жана спутниктик байланышты камсыздоо тууралуу сөз болгонун белгиледи.

Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын соңунда кабыл алынган чечимдер:

— Евразиялык экономикалык биримдиктин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун калыптандыруу жөнүндө;

— Евразиялык экономикалык биримдиктин 2019-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө;

— Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2015-жылдын 8-майындагы №13 чечимин ишке ашыруу жөнүндө;

— Трансчекаралык рыноктогу атаандаштыктын 2017-жылдагы абалы жана андагы жалпы атаандаштык тартиптерин бузууларга тыюу салуу чаралары боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын жылдык отчёту жөнүндө;

— Жер планетасына аралыктан байкоо салуудагы улуттук маалыматтар булактарына негизделген космостук жана геомаалыматтык кызматтарды көрсөтүү тармагында Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө;

— Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарына тышкы аудит жүргүзүүнүн 2017-жылдагы жыйынтыктары жөнүндө. Евразиялык экономикалык биримдиктин 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы туурасындагы отчет жөнүндө. Евразиялык экономикалык биримдиктин 2019-жылга карата бюджети жөнүндө;

— Чарбалык субъектилер Евразиялык экономикалык биримдиктин Сотуна кайрылганда төлөй турган алымынын көлөмүн бекитүү жөнүндө;

— "Евразиялык экономикалык биримдигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы жөнүндө;

— Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык жөнүндө.

— Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын 2019-жылдын май айында өткөрүү тууралуу чечим.

Жаңылыктар түрмөгү
0