Президент Жээнбековду Петербургга коштоп барчулар. Тизме

Жазылуу
Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

Анын алкагында тараптар тар жана кеңири чөйрөдө жолугат. Иш-чаранын маданий бөлүгүндө мамлекет башчылары "Щелкунчик" балетин көрөт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Кыргызстанда инвестициялык аралча түзүүнү пландап жатабыз
Сооронбай Жээнбековду коштоп барчулар:

Данияр Сыдыков — КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Жеңиш Разаков —  вице-премьер-министр

Алмаз Кененбаев — КР президент аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

Олег Панкратов — экономика министри;

Азизбек Мадмаров — КР тышкы иштер министринин орун басары;

Болот Отунбаев — Кыргызстандын Россиядагы элчиси;

Алмаз Сазбаков — Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги атайын өкүлү.

Жаңылыктар түрмөгү
0