Кыргызстандын ээсиз турган элчиликтери. Тизме

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПортфельчен кызматкерлер. Архив
Портфельчен кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМдин 4-декабрга карата берген маалыматы боюнча учурда 9 мамлекетте Кыргызстандын элчилери дайындала элек.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. КР президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, бир катар мамлекеттердеги элчилерди алып, айрымдарына кайта жаңыларын дайындады. Атап айтканда, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кызматынан алынып, Өзбекстанга элчи болду. Түркмөнстандагы элчи Жаныш Рустенбеков Тажикстанга элчи болуп дайындалды. Андан сырткары, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Усенов да кызматынан алынды.

Ырчы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ырчы, механик, философ... Чет өлкөлөрдө кимдер КР элчиси болуп отурат
Тышкы иштер министрлигинин Sputnik Кыргызстан агенттигинин жөнөткөн сурамына берген расмий жообуна ылайык, Кыргызстандын чет жакта 36 дипломатиялык өкүлчүлүгү бар. Алардын 27си — элчилик, бешөө — башкы консулдук, бир вице-консулдук жана КР ТИМдин виза пункту менен консулдук агенттиги бар. Андан сырткары, БУУда Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгү иштейт.

Элчиликтер менен элчилер:

Россия — Болот Отунбаев, 2016-жылдын 9-мартында дайындалган.

Украина — Жусупбек Шарипов, 2017-жылдын 15-ноябрында дайындалган.

Белоруссия — Кубанычбек Өмүралиев, 2015-жылдын 22-майында дайындалган.

Казакстан — Жээнбек Кулубаев, 2018-жылдын 10-октябрында дайындалган.

Өзбекстан — Ибрагим Жунусов, 2018-жылдын 4-декабрында дайындалган.

АКШ менен Канада — Кадыр Токтогулов, 2014-жылдын 31-декабрында дайындалган.

Улуу Британия менен Түндүк Ирландия — Гүлнара Искакова, 2015-жылдын 22-майында дайындалган.

Бельгия — Асеин Исаев, 2014-жылдын 6-мартында дайындалган.

Австрия — Бакыт Жусупов, 2017-жылдын 15-февралында дайындалган.

Германия — Эринес Оторбаев, 2015-жылдын 24-июнунда дайындалган.

Сауд Аравиясы — Абдулатиф Жумабаев, 2014-жылдын 6-мартында дайындалган.

Кувейт — Самаргүл Адамкулова, 2018-жылдын 7-мартында дайындалган.

Бириккен Араб Эмирлиги — Чыңгыз Эшимбеков, 2015-жылдын 8-декабрында дайындалган.

Иран — Авазбек Абдуразаков, 2016-жылдын 4-ноябрында дайындалган.

Пакистан — Эрик Бейшембиев, 2017-жылдын 20-январында дайындалган.

Катар — Нуран Ниязалиев, 2015-жылдын 8-декабрында дайындалган.

Швейцария — Данияр Мукашев, 2016-жылдын 24-февралында дайындалган.

Тажикстан — Жаныш Рустенбеков, 2018-жылдын 4-декабрында дайындалган.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин 2018-жылдын 4-декабрына берген маалыматы боюнча учурда тогуз мамлекетте Кыргызстандын элчиси жок. Алар — Түркия, Кытай, Түркмөнстан, Малайзия, Япония, Индия, Түштүк Корея Республикасы, Афганистан жана Азербайжан.

Жаңылыктар түрмөгү
0