БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлүнүн КРдеги миссиясы аяктады

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев встретился с Представителем Продовольственной и сельскохозяйственной организации ООН в КР Дорджи Кинлаем
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев встретился с Представителем Продовольственной и сельскохозяйственной организации ООН в КР Дорджи Кинлаем - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мухаммедкалый Абылгазиев Дорджи Кинлайга мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, аны энчилүү саат менен сыйлады.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандагы БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлү Дорджи Кинлай менен анын миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Фестиваль правильного питания в селе Октябрь Сузакского района - Sputnik Кыргызстан
Айыл-кыштак тургундары туура тамактанууну үйрөнүп жатышат. Сүрөт
Жолугушууда өкмөт башчы ФАО өкүлчүлүгүнө адамдардын жашоо деңгээлин жана тамактануусун жакшыртууга, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү натыйжалуулугун камсыздоого көмөктөшүүсү, ошондой эле айыл жергесин өнүктүрүүнү жана тургундардын жашоо шартын жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр өлкөбүздөгү маанилүү долбоорлорду каржылоо жана техникалык көмөк көрсөтүү үчүн донорлордун күч-аракетин мобилизациялоодогу ФАОнун өзгөчө ролун белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев Дорджи Кинлайга мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, аны энчилүү саат менен сыйлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0