Путин Кыргызстан менен аскердик-техникалык кызматташуу келишимине кол койду

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел совещание по вопросам обеспечения технического переоснащения Вооруженных сил
Президент РФ В. Путин провел совещание по вопросам обеспечения технического переоснащения Вооруженных сил - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишим аскер жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатат.

БИШКЕК, 30-ноя. – Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен аскердик-техникалык кызматташуу келишимин ишке ашыруу боюнча документке кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Тиешелүү жарлык 29-ноябрь күнү жарыяланды. 

“2017-жылдын 20-июнунда кабыл алынган Россия менен Кыргызстандын аскердик-техникалык кызматташуусу жөнүндөгү келишим бекитилсин”, — деп жарлыктын текстинде айтылат. 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бул келишимге 2018-жылдын январь айында кол койгон болчу. 

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, документ аскерий продукцияларды жеткирүү механизмин жакшыртуу, армияны жогорку эффективдүү курал-жарак менен камсыздандыруу, ошондой эле жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компонентин түзүүгө багытталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0