Абылгазиев ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешине катышуу үчүн Минскиге учуп кетти

© Фото / секретариат фракции СДПКВнеочередное заседание фракции СДПК
Внеочередное заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйын 27-ноябрь күнү Белоруссиянын борбор шаарында өтөт.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти.

Абылгазиев Бишкектен 26-ноябрь күнү жөнөп кетти. Күн тартибинде соода-сатык, өнөр жай, энергетика, экономика, каржы саясаты жана агро өнөр жай маселелери талкууланмакчы. Андан тышкары, ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү тууралуу сөз болот.

Жыйын РФ премьер-министри Дмитрий Медведевдин төрагалыгы алдында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0