ИИМ: Атамбаев айткан бухгалтер документ тараганга чейин эле өлкөдөн чыгып кеткен

Жазылуу
Милиция КСДПнын шайлоо алдында түзүлгөн штабынын эсеп-кысап жүргүзгөн бухгалтери мекенге кайтса коопсуздугун камсыздоого даяр экенин жар салды.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын президенттик шайлоо алдындагы штабынын бухгалтери өмүрүнө коркунуч жаралганы үчүн сыртка чыгып кетти деген билдирүүсү боюнча фактыны териштире баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө жумшалган каражаты боюнча жарыяланган документ интернетке тарагандан кийин штабдын бухгалтери өз өмүрү үчүн коркуп сыртка чыгып кеткенин айткан.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Илмиянов камалбаганда шайлоо боюнча документ сыртка чыкмак эмес
ИИМ укук коргоо органдары ар бир сигналга, айрыкча адамдын коопсуздугу жөнүндө сөз козголгондо реакция кылууга милдеттүү экенин эскертти. Текшерүү учурунда бухгалтер 11-ноябрда, тагыраагы, документ жарыяланардан төрт күн мурун чет өлкөгө чыгып кеткени белгилүү болгон. Мындан сырткары, 19-ноябрда экс-президенттин интервьюсу көрсөтүлгөндөн кийин бухгалтердин баласы дагы сыртка чыгып кеткен. ИИМ бул маалыматтарды Чек ара кызматынан алганын белгиледи.

Ведомство КСДП штабынын бухгалтеринен өмүрүнө коркунуч жаралгандыгы боюнча маалымат берүүнү өтүнөт. Эгер ал мекенге кайтып келсе, милиция анын коопсуздугун камсыздап берүүгө даяр экенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0