Депутат адвокат Токтакуновдун шайлоо боюнча билдирүүсүнө чара көрүүнү сунуштады

Жазылуу
Эл өкүлүнүн ырасташынча, жактоочунун билдирүүсүндө элди бөлүп-жарууга болгон аракеттин белгилери бар.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов адвокат Нурбек Токтакуновдун Facebook баракчасына жазгандарына тийиштүү органдар чара көрүшү керектигин айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин Токтакунов президенттик шайлоо алдында КСДПнын үгүт иштерине коротулган акча жана кимге канча берилгени тууралуу маалымат жарыялаган болчу. Ага өз кезегинде шайлоодо КСДПнын атынан көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов дагы пикирин билдирген. 

Депутат Мамытовдун айтымында, Токтакуновдун Facebook баракчасына жазгандары расмий маалыматтар эмес жана анда элди бөлүп-жарууга болгон аракеттин белгилери бар.

"Прокуратура өзүнүн баасын бериши керек. Кыргызстандын элин бөлүп-жарууга аракеттер болуп жатат. Органдар анын кайрылуусун карап баа бериши керек", — деди депутат.

Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Фарид Ниязов шайлоого коротулган акча тууралуу пикирин айтты
Андан сырткары, эл өкүлү Максат Сабиров Россиянын жараны Леонид Маевскийдин кармалышы боюнча да Жогорку Кеңеш жана Кыргызстандын укук коргоо органдары көз карашын кайтадан билдирүүсү керектигин айтты. Эл өкүлү учурунда дал ушул кишинин көрсөтмөсү менен кесиптеши Текебаевге кылмыш иши козголуп, кесилип кеткенин эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0