Прокуратура: Ленин райондук сотунун төрагасына иш козголду

Жазылуу
Райондук соттун туура эмес чыгарган өкүмүн иликтөө УКМКга берилди.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Ленин райондук сотунун судьясына Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 328-беренелери ("Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот өкүм чыгаруу") боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, айыпкер буга чейин Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук соту болуп иштеп келген. Иш анын мурунку кесиптештерине да козголгону айтылууда.

Бирдиктүү салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын айрым соттору мал-мүлкүн жашырып койгону аныкталды
Буга чейин Жалал-Абад облусунун прокуратурасы 2015-жылы кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Чек айыл аймагынын башчысы С.Х. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси "Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же коротуу" жана 315-берене "Кызматтык жасалмалуулук" боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал эми Атабек айылдык кеңешинин депутаты Е.С. аттуу жаранга да "Ишенип берилген мүлктү менчиктеп алуу же коротуу" беренеси боюнча иш ачкан.

Иликтөө учурунда Е.С. аттуу жаранга козголгон иш шартка жараша кыскартылган. Бирок Сузак районунун соту К.К. жогорудагыларды эске албастан 2015-жылы айыптоочу өкүм чыгарган. Кийин Жалал-Абад облусунун прокуратурасы өкүм боюнча кийинки инстанцияга арызданган. Жалал-Абад облустук соту 2015-жылы 2-июлда Сузак райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, Е.С. аттуу жаранга козголгон кылмыш иши кыскарган.

Райондук соттун туура эмес чыгарган өкүмүн иликтөө УКМКга берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0