Сооронбай Жээнбеков Францияга барат

Жазылуу
Франциянын президенти Эммануэль Макрон 2017-жылы октябрда Сооронбай Жээнбековду шайлоодон жеңип чыгышы менен куттуктап, Парижге чакырган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Эммануэль Макрондун чакыруусун кабыл алып, 2019-жылы Францияга иш сапар менен барат. Бул туурасында 11-12-ноябрда ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков өлкө президенти Эммануэль Макрон менен жолугуп жатканда айтты. Бул тууралуу маалымат ЖКнын сайтына жарыяланды.

Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Дүйнөлүк I согуштун аяктагандыгынын 100 жылдыгына карата Париждеги иш-чарага барган.

"Аталган иш-чаранын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун жолугушуусу өттү. Анда төрага Франция мамлекет башчысына Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун дубай саламын билдирди. Аны менен катар Жумабеков президент Жээнбеков Франция президентинин чакыруусун кабыл алгандыгын жана 2019-жылы Францияга иш сапар менен келерин маалымдады", — деп айтылат ЖКнын сайтындагы маалыматта.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында (Казакстан) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев Астанада премьерлер менен жолукту. Кол коюлган документтер тизмеси
Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы 12-13-ноябрь күндөрү өтүп жаткан Париж тынчтык форумуна катышкан.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 2017-жылы октябрда Сооронбай Жээнбековду шайлоодон жеңип чыгышы менен куттуктап, эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу, тынчтык жана коопсуздук боюнча жалпы маселелерди талкуулоо үчүн Жээнбековду Парижде күтүп алууга даяр экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0