Президент Жээнбеков Астанага учуп кетти

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Минск
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Минск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖККУга төрагалык кылуу вазийпасы Казакстандан Кыргызстанга өтмөкчү.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Астана шаарына учуп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жээнбеков бул иш сапарында Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына тар жана кеңири курамда катышат", — деп айтылат маалыматта.

Сессиянын соңунда жыйынтыктоочу документтерге кол коюлмакчы.

ЖККУга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0