Чыңгыз Айдарбеков ЖККУнун Астанадагы отурумуна катышат

© Фото / пресс-служба МИД КыргызстанаТышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда уюмдун Коопсуздук кеңешинде карала турган ар тараптуу кызматташуу боюнча маселелер талкууланат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) отурумуна катышат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга Нурсултан Назарбаевдин келиши күтүлүүдө
Иш-чара 8-ноябрда Астана шаарында өтөт. Анда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрлеринин кеңештеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчылык комитетинин отуруму болот.

Катышуучулар ЖККУнун Коопсуздук кеңешинде карала турган ар тараптуу кызматташуу боюнча бир катар документтерди жана маселелерди талкуулашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0