Президенттин иш башкармалыгына жаңы жетекчи келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКРдин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган Турдуназир Бекбоевдин архивдик сүрөтү
КРдин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган Турдуназир Бекбоевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш башкармалыкты сегиз жылдан бери жетектеп келген Туруспек Коеналиев октябрь айында ордун бошоткон.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Турдуназир Бекбоев КР президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Президенттик аппараттын Жарандык өнүктүрүү жана этностук саясат бөлүмүнүн экс башчысы Мира Карыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мира Карыбаева президенттик аппараттагы бөлүм башчылыктан кетти
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бекбоев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, эми президент менен өкмөттүн иш башкармалыгын жетектемей болду.

Буга чейин Бекбоев түштүк аймактын бир нече райондорунун акими болгондон тышкары, КРдин Айыл чарба жана мелиорация министри кызматын аркалаган.

2017-жылдын ноябрь айынан бери Мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы болуп келген.

Ал эми иш башкармалыкты сегиз жылдан бери жетектеп келген Туруспек Коеналиев октябрь айында ордун бошоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0