Сот, кат жана мандат. Шадиевдин айланасындагы ызы-чуу

© Фото / пресс-служба политпартии СДПКЖКнын экс-депутаты Аскарбек Шадиев. Архив
ЖКнын экс-депутаты Аскарбек Шадиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскарбек Шадиев мандатынан мыйзамсыз ажыратылганын жар салып, эч кандай кат жазбаганын айтып чыкты. "Бир Бол" фракциясы болсо Шадиев калп айтып жатканын билдирүүдө.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 2-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевди мандатынан ажыраткан. Буга парламенттеги "Бир Бол" фракциясынын Шадиевди мандатынан ажыратуу чечими жана өзүнүн фракциядан чыгуу үчүн жазган каты негиз болгон.

Бирок Аскарбек Шадиев аны фракциядан мыйзамды одоно бузуу менен чыгарганын билдирип чыкты. Эл өкүлүнүн билдирүүсү делген катты Жанна Шадиева аттуу жаран таратты.

Океандын ары жагынан жазылган кат

Анда Шадиев "Бир Бол" фракциясына фракциянын катарынан чыгуу боюнча эч кандай кат жазбаганын жана фракциялаштарынын бирөө менен да бул маселени талкуулабаганын жазган.

"Мени Жогорку Кеңеш депутатынын мандатынан ажыратууда одоно мыйзам бузуу кеткен деп эсептейм", — делет билдирүүдө.

Депутат ЖК Аскарбек Шадиев - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Шадиевдин бүлөсү мүлкүнүн бир бөлүгүн иш козголгонго чейин сатып ийген
Шадиев ошондой эле өзүнүн кайрылуусунда ага козголгон кылмыш иштери атайылап жасалмаланып, саясатташтырылганына, негизсиз экенине токтолуп, ал өзүн акмын деп эсептеген. Экс-депутат, мындан сырткары, аны камакка алуу же башка жол менен жазалоо аракеттери көрүлүп баштаганда өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген.

Шадиев өзүнө козголгон кылмыш иштеринин баары саясий куугунтук экенин белгилеп, аны саясий айдыңдан четтетүү жана мал-мүлкүн тартып алууга көрүлгөн аракет экенин айткан. Эми өзүнүн атын акташ үчүн колунан келген бардык аракетин көрүп, ак ийилип, бирок сынбай турганына ишенерин белгилеген.

Шадиевдин каты, көп иштин башы…

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы Аскарбек Шадиевдин аны фракциядан чыгаруу боюнча жазган катын көрсөттү. Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Шадиев жазган катынын жана фракциянын чечиминин негизинде мандатынан ажыратылганын маалымат жыйында айтты.

"Фракция Шадиевдин фракциядан чыгуу тууралуу жазган катын канааттандырган. Андыктан Боршайком анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну карады", — деди ал.

"Шадиев калп айтат"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дамирбек Асылбек уулунун соту: прокурор экс-депутаттын мыйзамсыз иштери тууралуу
Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жергиликтүү ЖМКлардын бирине "Аскарбек Шадиев фракциядан чыгуу боюнча кат жазган жокмун" деп Боршайкомду, Жогорку Кеңешти жана башкалардын башын айлантып жатканын билдирди.

"Бул калп. Ал бизге арызын жөнөткөн, эмнеге азыр кат жазган жокмун деп жатат, түшүнгөм жокмун. Каттын көчүрмөсүн биз Боршайкомго берип, ошонун негизинде ал мандатынан ажыратылды. Кайдагы жасалмалуулук? Депутаттардын, "Бир Болдун" катчылыгында иштегендердин бирөөнүн да оюна жасалмалоо келген эмес. Бул болбогон сөз", — деди Сулайманов.

Шадиевдин соту

Бүгүн, 5-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Аскарбек Шадиевдин катышуусусуз биринчи сот отуруму өттү. Сотко судья Эмилбек Каипов төрагалык кылды. Шадиевдин адвокаты Учкун Каримов жактоочусу кылмыш иши менен таанышпагандыктан жана анын көчүрмөсүн албагандыктан сотту токтотуу керектигин сунуштап, мындай нерсе сот өндүрүшүн одоно бузуу болуп саналарын белгиледи. Өз кезегинде сот Каипов сунушту четке кагып, тергөөдөн качып жүргөн соттолуучунун иши сыртынан карала берерин билдирди.

Каримов, андан сырткары, жактоочусу менен байланышпаганын, бирок ал жүрөгүн дарылатуу үчүн чет жакка чыгып кеткенин айтты.

Ташиев: мое имя пытаются опорочить, но я с честью вышел из ситуации - Sputnik Кыргызстан
УКМК Бабановго козголгон кайсы иштин тергөөсү токтотулганын айтты
Эске салсак, Шадиевге "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Ал 6-апрель күнү кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Анын жумуштан кетүүсүнө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болгон.

Ал эми 1-июнь күнү УКМК Шадиев 27-апрель күнү Баткен облусуна тууганын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышканы барып, андан ары чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирген. Депутат дипломаттык паспортун пайдалануу менен Худжант — Москва каттамы менен учуп, андан соң АКШнын Нью-Йорк шаарына бет алганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0