КСДП: Иса Өмүркуловду лидерликтен алуу фракциянын колунда

Жазылуу
Биринчи күнү партия фракциянын ар бир депутатына саясий кеңештин чечимин жөнөтөт.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарынын ар бирине Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылганы боюнча саясий кеңештин чечимин дүйшөмбү күнү жолдойт. Бул тууралуу саясий бирикменин расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Өз кезегинде Өмүркулов ал эмне үчүн партиядан чыгарылганын билбей турганын маалымат жыйында айтып берген

Жолдубаева мындай жол менен Иса Өмүркуловдун фракция лидерлигинде калаар-калбасы чечилерин билдирди.

"Саясий кеңеш саясий чечим кабыл алды. Азыр Иса Өмүркулов саясий дагы, моралдык жактан дагы фракциянын лидери болуп турууга укугу жок. Биринчи күнү ар бир депутатка саясий кеңештин чечимин жөнөтөбүз. Кандай чечим кабыл алынары ар бир депутаттын абийиринде. Ошол Жогорку Кеңеште депутат болуп отургандар КСДПнын тизмеси менен келип, мандат алышкан", — деди ал.

Жолдубаева ошондой эле эгер саясий кеңештин чечимине каршы чыгып, аны аткарбайм деген депутаттар өзүнө-өзү "кийин шайлоочулардын бетин кантип карайм, партия лидери Алмазбек Атамбаевдин бетин карайм" деп суроо бериши керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0