КСДП Иса Өмүркуловдун билдирүүсү жана Атамбаевдин жыйыны тууралуу

© © Фото / секретариат фракции СДПКЗакрытое заседание фракции СДПК
Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев менен Өмүркулов акыркы жолу ушул жылдын жаз айларында жолуккан.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. КСДПнын катарынан чыгарылган депутат Иса Өмүркулов акыркы ирет саясий кеңештин жыйынына чакырылып, бирок келбей койду. Бул тууралуу аталган партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

Кечээ, 31-октябрда, КСДПнын саясий кеңеши Өмүркуловду партиянын катарынан чыгаруу боюнча чечим кабыл алган. Ага депутаттын аракеттери партиянын Уставына, максаттарына туура келбегендиги себеп катары түшүндүрүлгөн.

"Эгер Өмүркулов бир нерсеге нааразы болсо, сотко кайрылсын. Ал партиядан чыгып калганын факт катары кабыл алышы керек. Биз аны чакырганбыз, бирок ал белгисиз себептерден улам келген жок. Бул саясий кеңештин чакыруусун четке каккан биринчи учур эмес", — деди Жолдубаева.

Ал Атамбаев менен Өмүркулов акыркы жолу ушул жылдын жаз айларында жолукканын кошумчалады.

Депутат ЖК Ирина Карамушкина - Sputnik Кыргызстан
Карамушкина: Иса Өмүркуловдун миссиясы башка болчу
Ал эми Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Ирина Карамушкина КСДПнын айласында түзүлгөн кырдаалга баа берип жатып, жакын арада партиянын лидери Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын өткөрөрүн айткан. Саясий бирикменин расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева азырынча маалымат жыйын каралбаганын белгиледи.

Буга сейин социалдык тармактарда "Атамбаевсиз КСДП" аттуу жыйын өткөнү жана ага Өмуркуловдун катышкандыгы боюнча маалыматтар чыккан. Бирок Өмүркулов жыйынга катышканын тастыктап, ал эми позициясын айтпаганын билдирген

Жаңылыктар түрмөгү
0