Карамушкина: Атамбаев жакында маалымат жыйын өткөрөт

Жазылуу
Ирина Карамушкина кесиптеши Иса Өмүркуловдун саясий кеңештин жыйыны болорун билген эмесмин деген билдирүүсү суу кечпейт деген пикирин айтты.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Социал демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев жакында маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдө болуп жаткан бардык ыңгайсыз маселелер боюнча суроолорго жооп берет. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина журналисттерге билдирди.

"Азыр Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын берүүгө даярданууда. Ал учурда коомчулукта талкууланып жаткан бардык маселелер боюнча суроолорго жооп берет", — деди Карамушкина.

Встреча председателя СДПК Алмазбека Атамбаева с депутатами ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жолдубаева: "Атамбаевсиз КСДП" жыйындарынын артында чоң күчтөр турат
Эл өкүлү фракция лидери Өмүркуловдун саясий кеңештин жыйыны болорун билген эмесмин деген билдирүүсү суу кечпейт деген пикирин да билдирди.

"Өмүркуловго маалымат берилген. Бирок ал акыркы учурда партиянын жыйындарын көз жаздымда калтырып келет. Буга чейинки да саясий кеңештин жыйынына келген эмес", — деди депутат.

Эскерте кетсек, кечээ, 31-октябрда Өмүркулов КСДП катарынан чыгарылып, ал эми бүгүн ЖКда маалымат жыйын өткөргөн.

Өмүркулов КСДПдан чыккандыгы боюнча өткөрүп жаткан маалымат жыйынынан тексттик алып берүүнү бул жерден окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0