Иса Өмүркулов КСДПнын катарынан чыгарылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР
Заседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДПнын ЖКдагы депутаттарына Өмүркуловду фракция лидерлигинен чакыртып алуу сунушу жиберилгени маалымдалды.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. КСДП Иса Өмүркуловдун аракеттери партиянын Уставына, максаттарына туура келбегендиктен аны мүчөлүктөн чыгарды. Бул туурасында КСДПнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта бүгүн КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болуп, анда партиянын XVIII курултайын 2019-жылдын 6-апрелине дайындоо чечими кабыл алынгандыгы айтылган.

Андан сырткары КСДПнын ЖКдагы фракциясынын лидери Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечими кабыл алынган.

"Партиянын Уставынын 2.8 пунктуна ылайык, Иса Өмүркуловдун аракеттери партиянын Уставына, максаттарына туура келбегендиктен ал мүчөлүктөн чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Депутат ЖК Иса Омуркулов - Sputnik Кыргызстан
Иса Өмүркулов: эмне байлыгым болсо баары декларацияда көрсөтүлгөн
Партиядан Өмүркуловду КСДП фракциясынын лидерлигинен чакыртып алуу сунушу ЖКга, фракция депутаттарына жиберилгендиги да кабарланды. 

"Бүгүнкү жыйынга ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина катышып, КСДП төрагасынын орун басары болуп шайланган. Учурда партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев. Анын төрт орун басары бар. Алар Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Сапар Исаков жана КСДП катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Усубалиев", — деп айтылат таратылган кабарда.

КСДПнын саясий кеңешинин регламентинине ылайык, Өмүркуловдун аталган Кеңештеги ыйгарым укуктары партиядан чыгарылгандан кийин токтотулаары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0