БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Түркиянын негизделгенинин 95 жылдыгына арналган мааракеге катышуу үчүн Стамбул шаарына учуп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жээнбеков иш-чарага Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен кетти", — деп айтылат маалыматта.
КР президенти башка мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышары айтылды.