Кыргызстанга Нурсултан Назарбаевдин келиши күтүлүүдө

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын тышкы иштер министри Назарбаев Кыргызстанга качан келиши мүмкүн экенин айтты.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрликтери казак президенти Нурсултан Назарбаевдин КРге болгон расмий сапары боюнча даярдык көрүп жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Бул жөнүндө ал 27-октябрь күнү казакстандык кесиптеши Кайрат Абдрахманов менен Астана шаарында жолугушкандан кийин журналисттерге айтты.

"Бүгүн Нурсултан Абишевич Назарбаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапары тууралуу пландарды талкууладык", — деди Айдарбеков.

Ошондой эле ал Кайрат Абдрахмановду дагы расмий сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Ал эми казак тарап Назарбаевдин Кыргызстанга 2019-жылы бара турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0