Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Москвага барат

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенешаыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив
ыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыңгыз Айдарбеков Москвадан кесиптеши Сергей Лавров менен жолугат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жума күнү, 26-октябрда Москва шаарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Бир жума мурда Кыргызстандын парламенти премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбековду тышкы иштер министри кылып бекиткен.

"Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жума күнү, 26-октябрда Москвага жумушчу сапары менен барып кесиптеши Сергей Лавров менен жолугат", — деди Дыйканбаев.

Глава МИД Чынгыз Айдарбеков принял посла РУЗ в КР Комила Рашидова - Sputnik Кыргызстан
Министр Айдарбеков Өзбекстандын элчиси менен жолукту
Бул Айдарбековдун министр катары чет өлкөгө болгон биринчи жумушчу сапары болмокчу.

Эскерте кетсек, буга чейин министрликти жетектеп келген Эрлан Абдылдаев 12-октябрь күнү кызматынан кетип, өкмөт башчы аталган кызматка Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштаган. Парламенттин колдоосунан кийин ал президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен кызматка бекиген.

Жаңылыктар түрмөгү
0