03:08 27 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.5988
  • EUR79.0503
  • RUB1.1081
Россия президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив

Путин менен Трамптын Парижде жолугуша турган күнү айтылды

© Sputnik / Сергей Гунеев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
111 0 0

Жолугушуунун узактыгы президенттерден көз каранды болот.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Парижге боло турган сапарынын алкагында америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен жолуга турганын жардамчысы Юрий Ушаковго таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин Путин АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон менен жолуккан.

"Болтондун тышкы саясат жана аскердик-саясий командабыздын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүсүндө эки президенттин Парижде жолугушуу мүмкүндүгү айтылган. Президент да жолугушуу боло турганын тастыктады", — деди Ушаков.

Анын айтымында,  Дүйнөлүк биринчи согуштун аякташына арналган Париждеги иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүнөн кийин, 11-ноябрда, эки президенттин жолугушуусу күтүлүүдө.

Ушаков мамлекет башчылардын сүйлөшүүсүнүн узактыгы өздөрүнө байланыштуу экенин белгиледи.

"Бул кадимки эки тараптуу жолугушуу болот", — деди президенттин жардамчысы.

Анын айтымында, РФ менен АКШ лидерлеринин андан башка да бир топ жолугушуулары болушу ыктымал, бирок алардын кайсыл учурда болору тактала элек.

Тема боюнча

Өңчөй окшош унаалар, өзгөчө көрүнүш. Ташкент Путинди укмуш тосуп алды. Видео
Президент Жээнбеков Путинди туулган күнү менен куттуктады
Белгилер:
жолугушуу, Дональд Трамп, Владимир Путин, АКШ, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ