Жээнбеков сотторго: маселени ишке ашырмайын тынч уктайм деп ойлобогула!

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков на совещании по вопросам реализации судебно-правовой реформы
Президент КР Сооронбай Жээнбеков на совещании по вопросам реализации судебно-правовой реформы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешмеде мамлекет башчы фемида өкүлдөрүнө эскертүүлөрдү берди.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат. Бул туурасында Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешменин жыйынында айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат
Сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБул туурасында Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешменин жыйынында айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады
Бул туурасында Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешменин жыйынында айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бул туурасында Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешменин жыйынында айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев2018-жылдын май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген
2018-жылдын май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген - Sputnik Кыргызстан
3/4
2018-жылдын май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКеңешмеде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, пробация системасын түзүү, сот системасынын жаңы шарттардагы ишке даярдыгы тууралуу маселелер (сот отурумдарынын залдарында аудио жана видеобайкоо жүргүзүү) талкууланды.
Кеңешмеде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, пробация системасын түзүү, сот системасынын жаңы шарттардагы ишке даярдыгы тууралуу маселелер (сот отурумдарынын залдарында аудио жана видеобайкоо жүргүзүү) талкууланды. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Кеңешмеде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, пробация системасын түзүү, сот системасынын жаңы шарттардагы ишке даярдыгы тууралуу маселелер (сот отурумдарынын залдарында аудио жана видеобайкоо жүргүзүү) талкууланды.
1/4
Сот-укуктук реформаны ишке ашырууну саботаж кылган ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилиги катуу каралат
2/4
Бул туурасында Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, сот-укуктук реформаны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешменин жыйынында айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады
3/4
2018-жылдын май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген
4/4
Кеңешмеде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, пробация системасын түзүү, сот системасынын жаңы шарттардагы ишке даярдыгы тууралуу маселелер (сот отурумдарынын залдарында аудио жана видеобайкоо жүргүзүү) талкууланды.

2018-жылдын май айында Сот реформасы боюнча кеңештин жыйынында сот-укуктук реформаны тез арада ишке ашыруу маселеси коюлуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилген.

"Сот-укуктук реформасы ишке ашмайынча, мамлекет өнүгө албайт. Кыргызстандыктардын пикири боюнча, сот жана укук коргоо органдары эң коррупциялашкан органдар. Мындай абалды толугу менен өзгөртүшүбүз керек. Сот-укуктук реформа качан ишке ашат деп эл күтүп жатат, биз жарандардын мүдөөсүн жана ишенимин акташыбыз зарыл. Тилекке каршы, айрым мамлекеттик органдар эч кандай өзгөрүүлөр болбойт, баары мурдагыдай эле калат деп ойлоп жатышат. Андай болбойт, талаптар күчөйт. Алдыга коюлган маселенин баарын ишке ашырмайынча, тынч уктайм деп ойлобогула", — деди Жээнбеков.

Кеңешмеде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, пробация системасын түзүү, сот системасынын жаңы шарттардагы ишке даярдыгы тууралуу маселелер (сот отурумдарынын залдарында аудио жана видеобайкоо жүргүзүү) талкууланды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын пробация системасын киргизүүгө болгон начар даярдыгы белгиленип, калган мөөнөттө кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырма берилди.

"Белгиленгендей, төрт блоктон — арызды бирдиктүү реестрде каттоо, сотко чейинки өндүрүштөгү реестрди каттоо, соттук өндүрүштөгү актыларды каттоо, жазаларды аткаруу ишин каттоодон турган Бирдиктүү реестр толугу менен өз ишин 2019-жылдын 1-январынан башташы керек. Бүгүнкү күндө арыздарды каттоого тиешелүү болгон биринчи блок гана сыноодон өттү", — деп айтылат маалыматта.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 2019-жылдын 1-январынан баштап Бирдиктүү реестрди этап-этап менен киргизүү башталарын белгиледи. Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК, ЭККМК жана Финансы министрлигинин жетекчилери маселени ишке ашырууда аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат берген.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана биринчи айым Айгүл Токоева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун алгачкы жылы. Эл аралык аренада президент өзүн кандай алып жүрдү
Соттук реформанын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүчү эксперттик жумушчу топ Бирдиктүү реестр түзүүнү ишке ашыруу боюнча өз пикирин билдирип, бул системанын сот-укуктук реформага, укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүүгө жана өлкөдөгү кылмыш-укуктук статистиканы түзүүдөгү маанисин белгилеген.

Жээнбеков процессти тездетүү боюнча кошумча чараларды көрүү маселесин койду.

2018-жылдын 1-декабрына чейин бардык тоскоолдуктар жоюлуп, тиешелүү иш башталышы керек, 2019-жылдын 1-январынан баштап, жогоруда аталган бардык органдар Бирдиктүү реестрдин алкагында ишин баштоо зарылдыгы айтылды.

Жээнбеков дагы бир жолу министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин сот-укуктук реформасын ишке ашыруудагы жеке жоопкерчилигин эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0