Караколго экс-депутаттын уулу мэр болуп шайланды

© © Sputnikараколдун мэри болуп шайланган Адыл Каниметов. Архив
араколдун мэри болуп шайланган Адыл Каниметов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар башчыгына эки талапкер ат салышкан.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Караколдун мэри болуп Адыл Каниметов шайланганын шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев билдирди.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кетти
Каниметовго 18 депутат макулдугун берсе, экинчи талапкер Эрлан Айсаракунов 11 эл өкүлүнүн добушун ала алган. Ал эми Каракол шаардык кеңешинде жалпы жонунан 31 депутат бар.

Каниметовдун талапкерлигин КСДП, "Кыргызстан", "Республика — Ата Журт" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары көрсөткөн. Айсаракунов "Табылга" партиясынан келген.

Жаңы мэр Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жанкороз Каниметовдун уулу. Ал 41 жашта, шаардын вице-мэри болуп иштеп келген.

Буга чейин Каракол шаарынын мэрлигин Данияр Арпачиев аркалап, өз ыктыяры менен жумушун тапшырып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0