Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кетти

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүТышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр өз ыктыяры менен арызын жазган.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министрдин арызын президент Сооронбай Жээнбеков дагы кабыл алып, аны кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койду.

ТИМди алты жылдан бери жетектеп келген Абдылдаев кызматкерлерине жана ага ишенип, колдогондордун бардыгына ыраазычылыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Абдылдаев 2012-жылдан бери тышкы иштер министри болуп иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0