Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясынын мүчөлүгүнө Тажибаев жактырылды

© AFP / DAMIEN MEYER Фемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Мирлан Жээнчороев дисциплинардык комиссиянын мүчөлүгүнө карапайым калктан да кошуу керектигин айтты.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясынын мүчөлүгүнө Абибилла Тажибаевдин талапкерлигин бир добуштан жактырды.

Көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов дисциплинардык комиссиянын мүчөсү Эрлан Базарбаев кызматтан кеткендиктен анын орду бош турганын айтты.

Депутат Мирлан Жээнчороев дисциплинардык комиссиянын мүчөлүгүнө карапайым калктан да кошуу керектигин айтты.

"Жогорку соттун талапкерлерин карап жатканда негиздүү пикирлер айтылып, кээ бир соттор өткөрүлгөн эмес. Дисциплинардык комиссиянын катарына карапайым калктын өкүлүн алып келсек жакшы болмок", — деди депутат.

Өз кезегинде Өмүркулов бул орунга талапкер көрсөтүү коалициянын укугу болгондуктан анын ишмердигин текшерип турганга мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Тажибаевдин талапкерлиги көпчүлүк коалиция тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0