05:16 17 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8381
  • EUR78.8821
  • RUB1.0512
Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров. Архивдик сүрөт

Искандаров кыргыз-өзбек чек арасынын канчасы тактала электигин айтты

© Пресс-служба правительства КР
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
134 0 0

Коңшу өлкө менен чектешкен аймактар такталып, 2008-жылы ратификацияланган.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров учурда Казакстан менен бардык чек ара тилкеси толугу менен такталганын парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Жогорку Кеңеш учурда "Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Ал экинчи окууга киргизилет.

Искандаров чек араны тактоо делимитация иштери учурунда караларын айтып, ал иш 1999-жылы башталып, 2001-жылы бүткөнүн белгиледи.

"Документ 2008-жылы ратификацияланган. Азыр эч кандай маселе калган жок", — деди Искандаров.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, учурда Казакстандан тышкары Кытай мамлекети менен да чек ара маселеси толугу менен чечилгенин айтты. Андан тышкары, Өзбекстан жана Тажикстан менен кандай иштер жүргүзүлүп жатканы боюнча түшүндүрмө берди.

"Делимитация боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатат. Азыр 1388 чакырымдын 5 пайызы гана калды. Жумуштар жасалып жатат. Тажикстан менен 970 чакырым чек арабыз бар. Ошонун 519 чакырымы бекитилген. 67 чакырым тилке жумушчу топтун деңгээлинде такталып, калган аймактар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", — деди Искандаров.

Депутаттар Жогорку Кеңешке чакырылган өкмөт өкүлдөрүнө суроо берип жатышат.

Тема боюнча

Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу эки жер макулдашылды
Чек ара кызматы 2017-жылдан бери канча террорчуну кармап бергенин айтты
Белгилер:
чек ара, Жогорку Кеңеш, Курбанбай Искандаров, Өзбекстан, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ