РАЖ лидери Турускулов: Сапар Исаков элди алдап өзү билемдикке барган

© Sputnik / Асель АкматалиеваЛидер фракции "Республика — Ата-Журт" Жыргалбек Турускулов
Лидер фракции Республика — Ата-Журт Жыргалбек Турускулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин фракция лидерлери менен болгон экинчи маек сунушталат. Бул ирет Sputnik Кыргызстан радиосунун босогосун "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов аттады.

Эл өкүлү менен фракциянын төрт жыл аралыгында жасаган иши, партия лидери Өмүрбек Бабанов жана жалпы эле парламент тууралуу сүйлөштүк.

— Жыргалбек Күрүчбекович, фракция лидери болуу кандай экен? Катардагы депутаттан эмне айырмачылыкты сезип жатасыз?

— Фракция лидери өтө жоопкерчиликтүү кызмат экен. 27 депутаттын башын кошуп, ынтымакта иштеш — менин азыркы башкы максатым. Жөнөкөй депутаттан жоопкерчиликтин көбөйгөнү менен айырмаланат деп ойлойм.

— Фракциянын мурдагы лидери Руслан Казакбаевди жетекчиликтен кетүүгө мажбур болгон деген сөздөр айтылган. Чынында кандай болду эле?

— Мен буга кошула албайм. Фракция деген коллегиалдык бирикме да. Бир эле киши түшүрүп, шайлап кое албайт. Руслан Айтбаевич дагы болгон аракетин жумшап иштеди. Менден башка да 2-3 талапкер болгон. Сүйлөшүүлөр жүрүп, ошонун негизинде мени 28 депутаттын 22си колдоп берди.

— Сизди депутаттыкка бизнестен түз келди деп айтышты эле…

— Депутат болгонго чейин "Чыгыш электр" ишканасында эки жыл башкы директор болуп иштегем. "Чыгыш электр" Нарын жана Ысык-Көл облустарын тейлейт. Эки облустун губернаторлору менен иштешип, мамлекеттик кызматта жакшы эле тажрыйба топтодум деп ойлойм. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаVI чакырылыштын депутаты Жыргалбек Турускулов
РАЖ лидери Турускулов: Сапар Исаков элди алдап өзү билемдикке барган - Sputnik Кыргызстан
VI чакырылыштын депутаты Жыргалбек Турускулов

— Учурда электр энергиясынын бир киловатты канча турат?

— 700 киловаттка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөнөт.

— Электр энергиясына тарифти көтөрүү боюнча пикирлер айтылып келет. Сиздин оюңуз кандай?

Ата Мекен фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: Текебаев президенттин ырайымы аркылуу бошонуудан баш тартты
— Азыр өкмөт тарифти көтөрүүгө муктаж. Ушу тапта электр энергиясы тармагындагы ишканалардын тапкан пайдасынан чыгымы көп болууда. Өзүңөр жакшы билесиңер, Кыргызстан — Орто Азиядагы электр энергиясын эң арзан баада саткан мамлекет. Бирок бааны көтөрөөрдөн мурда калктын айлыгын жогорулатуу керек. Мисалы, тоолуу аймактын жашоочулары 700 киловатты жашоо шарты катаал жерлердин тургундары үчүн 1500-2000ге чейин көтөрүп берсеңиздер деп суранып жатышат. Муну дыкат карап чыгыш керек. Жакында эле бир маалымат угуп калдым, 2019-жылдан баштап энергетиктер тариф маселесин карап чыгабыз деп жатышыптыр. Мурда тариф саясатын көзөмөлдөө Жогорку Кеңештин мойнунда эле, V чакырылыштын депутаттары өкмөткө өткөрүп берген. Негизи эле бизде бул тармак абдан саясатташып кеткен. Башка өлкөлөрдө саясаты жок эле чарба катары иш алып барышат.

— Сизди Өмүрбек Бабановго окшоштурушат. Өзүңүз буга кандай карайсыз?

— Билбейм, буга чейин мындай пикирди укпаптырмын. Эгер бар болсо, анда Өмүрбек Токтогулович менен энергиялуулугубуз, талыкпаган эмгекчилдигибиз менен окшошсок керек. 

© Sputnik / Асель Акматалиева"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов
РАЖ лидери Турускулов: Сапар Исаков элди алдап өзү билемдикке барган - Sputnik Кыргызстан
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов

— Жакында эле парламент отурумунда депутат Табалды Тиллаев Башкы прокуратурадан Өмүрбек Бабановдун соттук ишин кароону тездетүүнү суранды. Бул Бабановдун жакын арада кайтып келеринен кабар берет десек болобу?

— Депутат катары, партиялашы катары ал туура эле суроо берди деп ойлойм. Табалды Гапырович өзү да "биздин партиялаштар сурап жатат" деп айтпадыбы. Бул боюнча ал жөн гана тактап сурады. Ал эми Өмүрбек Токтогуловичтин жакында келер-келбесин мен айта албайм, анткени азыр ал киши менен байланышым жок.

— Өмүрбек Бабанов шайлоо алдында казак президенти менен жолугушуп, коомчулуктун нааразычылыгын жаратып алды эле. Бул партиялык чечим болгонбу?

— Ал кишинин жеке чечими болгон деп ойлойм. Анткени партиялаштары менен кеңешкен эмес.

— Эки партиянын тандеми артында Жогорку Кеңешке келбедиңиздерби. 2020-жылкы шайлоого да чогуу барасыздарбы?

— Ага чейин парламентте чогуу иштейбиз, ал эми келечектеги кадамдарыбызды убакыт көрсөтөт. Бул саясий кеңештин чечими менен, партиянын съезди өтүп анан чечилчү маселе. Азыр биз бир эле фракцияда, ынтымактуу иш алып баруудабыз.

— Ошентсе да сиздердин фракция эки саясий лидер — Бабанов менен Ташиевдин тарапташтарынан чогулган. Сиз кимиси аркылуу келгенсиз?

— Мен Бабанов тарабынан келгем. "Республиканын" мүчөсү катары саясатка аттангам.

— Сиздер коалицияга кирип, Алтынай Өмүрбекова вице-премьер болгону баарыбызга маалым. Эми квотаны көбөйтүү боюнча талап коесуздарбы?

— Квота деген бул жең ичинен эле сүйлөшүү да. Юридикалык мындай түшүнүк жок. Алтынай Сейитбековна эки жылдай аталган кызматта турса, көптөгөн жакшы өзгөрүүлөрдү жасайт деп ойлойм. Ага анын билими, деңгээли жетет. Мындан сырткары, бизден Болотбек Ибраимжанов Миграция кызматынын төрагалыгына шайланды. Келечекте партиялаштарыбыздан татыктууларын дагы да өкмөткө сунуштай беребиз. Анткени, биздин максат — өлкөнүн өнүгүүсү, ал үчүн татыктуу кадрлар керек. 

© Фото / пресс-служба ЖКТурускулов: аким, губернаторлорду жоюп салуу керек
РАЖ лидери Турускулов: Сапар Исаков элди алдап өзү билемдикке барган - Sputnik Кыргызстан
Турускулов: аким, губернаторлорду жоюп салуу керек

— Өзүңүздөрдү, башкача айтканда, VI чакырылыштагы парламентти кандай баалайсыз?

— Менин жеке пикиримде, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары жакшы эле иштөөдө. Биз тарыхта болбогон нерселерди жасап жатабыз. Мисалы, башкы прокурорду президент сунуштап, ЖК колдойт же колдобой коет. Буга чейин президенттин сунушу менен парламент башкы прокурорду жумуштан алган учур болбоптур. Биз анын ишмердүүлүгүн карап канааттандырарлык эмес деп таптык. Сапар Исаков менен да ушундай эле көрүнүш болду.

— Учурунда коомчулукта Сапар Исаковдун отчетун жаратпай, көп өтпөй эле ошол отчет менен барган азыркы премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин отчетун ЖК кабыл алып койду деген пикирлер айтылды эле…

— Биз Исаковдун кагаздагы отчетуна эмес, анын кетирген кемчиликтерине көңүл бурганбыз. Биздин фракция анда коалициялык азчылыкта болчу. Үч фракция биригип жыйын өткөргөндө мындай чоң каталарды кетирген адам премьер-министр болууга татыктуу эмес деген чечим чыккан. Сапар Исаков кыргыз мамлекетин уят кылган кемчиликтерди кетирди. Мисалы, Liglass деген акчасы жок аферист компания экен. Ал жерде кандай акчалар "ойногонун" мен билбейм. Жылуулук энергетикалык борборундагы көйгөй, "Акылдуу шаар", "Коопсуз шаар" долбоорлорунун абалы, айтор, айта берсек көп. Бул кемчиликтерди жасап, бирок жоопко тартылбай жүрө берген. Бир тыйыны жок компанияны алып келип, президентке чейин киргизип, элди, депутаттарды алдап өзүм билемдик кылган. Өлкө экономикасына чоң каражат алып келген Кумтөр боюнча ЖК менен кеңешпей, келишимге өз алдынча кол койгон. Мунун барына көз жуумп, Исаковду премьер-министрлик кызматта калтырууга мүмкүн эмес эле. 

© Sputnik / Асель АкматалиеваТурускулов: Сапар Исаковдун отчетуна эмес, кетирген кемчиликтерине караганбыз
РАЖ лидери Турускулов: Сапар Исаков элди алдап өзү билемдикке барган - Sputnik Кыргызстан
Турускулов: Сапар Исаковдун отчетуна эмес, кетирген кемчиликтерине караганбыз

— Айтыңызчы, качан өнүгөбүз?

Омбудсмен Кыргызстана Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Мамытов: кылмыш ишин кара жип, ак жип менен кантип токушарын жакшы билебиз
— Президентибиз да азыр ушул талапты катуу коюп жатат. Өкмөт да өз аракетин көрүүдө. Бул жаатта негизги чечүүчү рычаг — кадр системасы. Ал үчүн өкмөт жакшы кадрларды алып келиши керек. Дагы бир маселе — чыгымдарды азайтуу зарыл. 2017-жылды эле айтайын, республикалык бюджетибиз чогулганы 135 миллиард сом болсо, анын 80 пайызын айлыкка кетириптирбиз. 94 миллиард сом кайра эле өкмөттүн чыгымына жумшалат экен, ички, сырткы карыздарыбызга 14 миллиард сом бериптирбиз. Бизде өнүгүүгө каражат жок болуп атат. Өлкө өнүгүүсү үчүн сөзсүз түрдө мамлекет ага акча бөлүшү зарыл. Жакында ЖКга өкмөттүн структурасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору сунушталганы турат, биз ал мыйзамды дыкат карап чыгышыбыз керек. Менин жеке пикиримде, жети облустун жетекчилерин, 44 райондун акимдерин жоюш керек. Айыл өкмөттөр менен премьер-министр түз иштешсе көйгөйлөр да өкмөт башчыга түз жетет. Канча деген акча үнөмдөлөт. Мен азыр бир аким же бир губернаторго мамлекеттин казынасынан канча каражат кетерин сураштырып жатам. Ошондой эле 400дөн ашуун айыл өкмөтү бар, алардын да санын азайтуу зарыл.

— Ошондо эле өнүгүп-өсүп кетебизби?

— Биз коркпой эле Грузия, Сингапур өлкөлөрүнүн тажрыйбасын колдонушубуз керек. Грузия деле мурдагы Советтер Союзунун карамагындагы өлкө болгон. Кыска убакытта кандай чоң секирик жасай алды. Мисалы, айыл чарба министрлигинде 5000ден ашуун адам иштечү экен, алардын санын 800гө чейин кыскартты. Муну менен алар ишсиз, тирилигин кыла албай калган жок да. Бизге да мына ушундай өзгөрүүлөр керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0