Экотехинспекцияда иттин өлүгү жатабы? Комиссия бир топ мыйзам бузууларды тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековРейд учурунда кагаз толтуруп жаткан кызматкер. Архив
Рейд учурунда кагаз толтуруп жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комиссиянын жыйынтыгына ылайык, сый акы төлөөдө, форма жана белек сатып алууда каражаттар максатсыз пайдаланылган. Инспекциянын жетекчилиги коррупцияга каршы күрөшү аракеттерин көрбөйт.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Анара Мамбеталиеванын Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясындагы коррупциялык иштер боюнча кайрылуусун текшерген комиссия бир нече мыйзам бузууларды аныктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бул иш боюнча президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы түзүлгөн болчу.

— Текшерүүнүн жүрүшүндө ишин мыкты аткарган кызматкерлерге сый акы катары бериле турган каражат майрам күндөрү айлык акыга кошумча катары төлөнүп жүргөнү аныкталган. Бул укук актыларын бузууга жатат.

— 2016-жылы майрамдык даталарга карата жалпы суммасы 5 178 936 сом, 2017-жылы 2 030 666 сом сый акы катары төлөнгөн. Жалпы суммасы — 7 209 602 сомду түздү.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук кеңешинин катчысы коомду дүрбөткөн 5 иш боюнча маалымат берди
— Укук актыларын бузуу менен эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен инспекциянын кызматкерлерине материалдык жардам катары 2016-жылы 1 224 507 сом, 2017-жылы 1 816 317 сом жана 2018-жылдын январь айынан 4-сентябрга чейин 584 867 сом бөлүнгөн. Бардыгы 3 625 691 сом.

— Финансы-экономикалык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери белгиленген талаптарды бузуп, маянанын өлчөмүнөн көп каражатты өздүк картасына которгон, ошол эле маалда кассадан накталай акча каражаттары берилген.

— Борбордук аппаратынын кызматкерлерине маянасынан сырткары 396 113 сом чегерилген.

— Белек сатып алуу үчүн 45 000 сом мыйзамсыз түрдө берилип, белектерди алуу жана бөлүп берүү туурасындагы тастыктоочу документтер жок болуп чыккан.

Мындан сырткары, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын талаптары боюнча сыйлыктарды жана материалдык жардамдарды төлөө, өздүк форманы сатып алууда жана аны таркатууда бир катар мыйзам бузуулар белгилүү болгон.

— Мамэкотехинспекция тарабынан сатып алууга 1 167 335 сом которулган. Бирок конкурстун негизинде тапшырылган товарлар 796 450 сом экени аныкталды. Мындай жол менен 370 885 сом ашыкча которулган, ал эми (өз убагында тапшырбагандыгы үчүн) айып санкциялары менен бюджетке 394 800 сом кайтарылууга тийиш.

— Сатып алуу келишимине ылайык үч жүк ташуучу техника 2018-жылдын 3-мартына чейин алып келиниши керек болчу. Бирок келишимдин шарттары аткарылбай бүгүнкү күнгө чейин техникалар келе элек.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Экотехинспекциянын маалымат катчысынын кайрылуусуна көңүлүн бурду
— Бюджеттин эсебинен ведомстволук форма кийүү каралбаган кенже жана техникалык тейлөө персоналдарына (иш кагаздар менен иштөөчү адис, башчынын катчысы, айдоочу), финансы-экономикалык башкармалыктын 45 кызматкерине 268 055 сомго форма сатып алынган.

Ошондой эле комиссия тарабынан Мамэкотехинспекцияда мамлекеттик жарандык кызмат боюнча мониторинг жүргүзүлүп, одоно мыйзам бузуулар ачыкталган.

— Мамэкотехинспекциянын жетекчилиги өз ишмердигинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү, оптимизациялоо жана сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иш жүргүзбөйт. Отурган кызматына компетенттүү эмес жана тиешелүү квалификациясы жок. Жетекчилик тарабынан антикоррупциялык саясат дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Натыйжалуулукту баалоо жана талдоо жок, ведомстводо коррупциялык иштерди болтурбоо боюнча чаралар көрүлбөй, милдеттер коюлган эмес. Мындай жагдай коррупциянын тутанышына шарт түзөт.

Соңунда түзүлгөн кырдаалга ыкчам жооп кылуу жана аны түзөтүү максатында комиссия төмөнкүдөй тыянакка келди:

— Анара Мамбеталиеванын кайрылуусунда айтылган Экотехинспекциядагы мыйзам бузуулар, анын ичинде финансы жана кадрлар менен иштөө чөйрөлөрүндөгү кемчиликтер кандайдыр бир деңгээлде аныкталды. Ушунун өзү эле мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерин аткарууда жетекчилиги жана профилдик багыттардын башчылары демилгесиздигин, иштеги одоно кемчиликтердин далили болуп саналат.

Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Атайын операция учурунда аткаминерлер пара алып жаткан жеринен кармалды
— Комиссия аныктаган кемчиликтерди эске алуу менен өкмөттүн жетекчилигине Экотехинспекцияда бир катар кызмат адамдарынын, анын ичинде статс-катчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу тууралуу маселени карап чыгуу жана башкармалыктардын начальниктеринен тартып, мамлекеттик органдын жетекчилигине чейин катуу тартип жоопкерчилигине тартуу сунуш кылынды. Ошондой эле өкмөттүн профилдик бөлүмдөрү инспекциянын ишмердигин талдап чыгуусу керектиги сунушталды.

Комиссия иштеп жаткан учурда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратура тарабынан тийиштүү прокурордук жооп кылуу актылары киргизилди.

Эске салсак, буга чейин Мамэкотехинспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева аталган инспекция коррупциянын сазына батып бара жатканын айтып чыккан. Ал чындыкты издеп жатып, кайра эч бир ишке орношо албай тургандай берене менен айдалганын билдирген. Кийинчерээк "өмүрүм коркунучта" деп президент Сооронбай Жээнбековго чейин кайрылган. Көп өтпөй өлкө башчы анын кайрылуусуна көңүл буруп, коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырган. Анын жыйынтыгы 3-октябрда жарыяланып Мамбеталиева жумуштан мыйзамсыз түрдө алынганын аныктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0