Финпол жетекчисине жаңы орун басар дайындалды. Ал ким?

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственная служба финансовой полиции КР
Государственная служба финансовой полиции КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сагынбек Абдылдаев мурда атайын кызматтарда иштеген.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары алмашканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Финполдун маалымат кызматынан билдиришти.

Жаңы орун басар болуп Сагынбек Абдылдаев дайындалды. Ал 1969-жылы 26-январда туулган. КУУну аяктаган, жогорку экономикалык билими бар.

Эмгек жолу:

1989 — КРдин Куралдуу күчтөрүнүн офицери, Афганистанда кызмат өтөгөн;

1995 — КР президентинин алдындагы күзөт башкармалыгынын офицери;

2002 — Каржы министрлигинин алдындагы мамлекеттик бажы инспекция башкармалыгынын башчысы;

2002-2007 — Улуттук коопсуздук органдарында башкармалык жетекчиси;

2008 — Өкмөттүн алдындагы Финансы полиция бөлүмүнүн башчысы;

2010-2011 — Финполдун Салык жана бажы кылмыштарына каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2012-2014 — Финполдо башкармалык жетекчиси;

2015-2016 — Финполдо Чүй облусу боюнча башкармалыктын жетекчиси;

2016-2018 — Экономикалык кылмыш менен күрөш кызматынын ыкчам иштер бөлүмүнүн жетекчиси;

2018-жылдын 28-сентябрында Финполдун жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0