Токон Мамытов акыйкатчылык кызматка киришүү үчүн ант берди

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаИзбрание омбудсмена в ЖК
Избрание омбудсмена в ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамытов көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болуп акыйкатчылык кызматка шайланган болчу.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Акыйкатчылыкка шайланган Токон Мамытов Жогорку Кеңеште ант берди.

Токон Мамытов Бахадыр Сулейманов башка мамлекеттин жараны экенин айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Токон Мамытовдун айыптоосуна депутат Сулеймановдун реакциясы
Төрага Дастан Жумабеков акыйкатчы ант берген күндөн тартып кызматана кирише турганын айтып, Токон Мамытовдун ант берүүсүн күн тартибине киргизип, ал депутаттардын колдоосун тапты.

Мамытов акыйкатчы кызматына киришип жатып, өз милдеттерин адилет жана ак ниет аткарууга, омбудсмен институтунун кадыр баркын төмөндөтүүчү иш аракеттерди жасабоого, мыйзамдарды жана адам укуктарын сактоого ант берди.

Белгилей кетсек, 26-сентябрда Токон Мамытов КР акыйкатчысы болуп шайланган. Анын талапкерлигин 79 депутат колдогон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0