Мамытов Бакиевдин башкаруусуна каршы чыгып ким ишин таштаганын айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токон Мамытов Курманбек Бакиевге өзүнүн жана туугандарынын туура эмес иштерди жасап жаткандарын бетке айткандарды кызматтан кетиришкенин билдирди.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Депутат Мирлан Жээнчороев акыйкатчылыкка талапкер Токон Мамытовго 2009-жылы 13-мартта Медет Садыркуловду жанындагы кишилер менен кошо өлтүргөн факты боюнча суроо узатып, ошол учурдагы президентке түз кирип, анын үй-бүлөлүк башкаруусу кылмышка айланып бара жатканын айтууга эрки жеткенби деп кызыкты.

Учурда депутаттар акыйкатчылыкка талапкер болгондор — Рита Карасартова, Рыскул Бактыбаев, Токон Мамытов жана Канатбек Азиздин талапкерлигин карап жатат.

"2005-жылдан кийинки окуя тууралуу айтсам, ошол кезекте экинчи президенттин тегерегинде Топчубек Тургуналиев, Медет Садыркулов, Мыктыбек Абдылдаев, мен, Узакбаев жана Болот Шамшиев сыяктуу кишилер бар элек. Айрымдарыбыз гана президенттин көзүнө жасап жаткан иштери тууралуу айтканбыз. Ошолордун бири мына Мыктыбек Абдылдаев болчу. Ал каршы болуп туруп кызматын таштап кеткен. Тарыхта мындай окуялар боюнча бир-эки гана факты бар", — деди Мамытов.

Ал ошондой эле Медет Садыркуловдун окуясы болгон учурда жогоруда аты аталгандардын бир да кызматта болбогонун, бетке айткандарды кызматтан кетиришкенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0