КР БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөттү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на 73-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН
Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на 73-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн 24-сентябрда Нью-Йоркко келген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, БУУнун жана дүйнө коомчулугунун чакан мамлекеттердин көйгөйлөрүнө көңүлүн бурдуруу максатында Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин көрсөткөнүн билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, президент Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн 24-сентябрда Нью-Йоркко келген.

Өлкө башчысы учурдун чакырыктарына жана коркунучтарына төп келгидей принципиалдуу жаңы эл аралык механизмдерди калыптандыруу зарылчылыгы бышып жетилгенин айтты.

"Биздин Уюм өзгөрүүлөргө муктаж, ал учурдун, азыркы реалдуулуктун талаптары. Бул реформа универсалдуулук, кеңири географияны камтуу принциптерине негизделип, БУУнун мүчө-мамлекеттеринин кеңири колдоосуна ээ болууга тийиш. Кыргызстан тынчтыкты, глобалдык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча БУУнун жалпы иштерине өз салымын кошууга умтулууда", — деди Жээнбеков.

Президент андан сырткары, БУУнун Коопсуздук Кеңешине мурда шайланбаган өлкөлөрдүн колдоосу мүчөлөрдүн тең укуктуулугуна ишенимди арттырып, уюмдун кадыр-баркын жогорулатат жана ага ишенимди бекемдей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0