Депутат: эмгек министри үй-бүлөсүн алып бюджеттин эсебинен чет жакка барып жүргөн

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЭмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова. Архив
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касымалиева 2017 жана 2018-жылдары министр Исакунова күйөөсү жана баласын алып Швейцария, АКШ сыяктуу бир катар мамлекеттерге барганын айтты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова үй-бүлөсү менен мамлекеттин эсебинен чет жакка барганын айтып, тийиштүү органдарды муну текшерип чыгып, маалымат берүүнү талап кылды.

Бүгүн, 24-сентябрда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин жыйыны болду. Анда Касымалиева 2017 жана 2018-жылдары министр Исакунова күйөөсү жана баласын алып Швейцария, АКШ сыяктуу бир катар мамлекеттерге барганын белгиледи.

"2017-жылы 2-8-февралда күйөөңүздүн туугандары Сауд Аравиясына барган. Транспорттук чыгымды социалдык өнүгүү министрлиги көтөргөн. Ушул маалымат туурабы", — деп эл өкүлү министрге суроо салды.

Ал өз кезегинде булардын баары жалган экенин айтты. Ал эми депутат Башкы прокуратура бул маселени текшерип туруп жообун бериши керектигин белгиледи.

Экс-замминистра труда и социального развития КР Зууракан Каденова - Sputnik Кыргызстан
Арак ичкен эмесмин! Зууракан Каденова учактагы жаңжал боюнча түшүндүрмө берди
"Швейцария, июнь, 2017-жыл. Министр күйөөсү жана баласы менен барган. Командировканын чыгымын министрлик көтөргөн. Бирок министр ал жактагы иш-чарага катышкан эмес. Ага элчиликтин өкүлү катышкан. Бул эми такталбаган маалымат. АКШ, 6-10-ноябрь, 2017-жыл. Күйөөсү жана эки баласы менен барган. Премьер-министр Америкага барбайсың дегенине карабай, министр эмгек өргүү алып барып келген. 13-15-ноябрда Америкадан Аргентинага учкан. Бул жерде дагы премьердин уруксаты болгон эмес", — деди депутат.

Эл өкүлү андан сырткары, министр былтыр 16-18-ноябрда премьердин уруксаты жок Санкт- Петербург шаарына, быйыл 22-28-июлда күйөөсү жана баласы менен Лондонго барганын кошумчалады.

Касымалиеванын ырасташынча, министрдин орун басарлары да адистер үчүн деп келген чакырууларды өзүлөрүнө катттып алып, Италия, АКШ, Кытай сыяктуу мамлекеттерге барып келгенин белгиледи.

Депутат сөзүнүн аягында комитет бул маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырма бериши керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0