Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Кемин районуна барат

Жазылуу
Өлкө башчы президенттик кызматка келгенден бери өлкөнүн Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарын бүт кыдырган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен аймактарды кыдырууну улантууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, өлкө башчы бүгүн, 20-сентябрда Чүй облусунун Кемин районуна барат.

"Жээнбеков иш сапарынын алкагында Кемин районундагы Орловка айылында жайгашкан күн энергиясынын рыногуна багытталган монокристалл куймаларды жана пластиналарды өндүрүүчү "Астра Солар Технолоджис" ишканасы менен таанышып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугат", — деп жазылат маалыматта.

Өлкө башчы президенттик кызматка келгенден бери өлкөнүн Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарын бүт кыдырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0