14:30 16 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR79.0658
  • RUB1.0485
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү

Сапар Исаков "Сапатты" негиздегендердин курамындабы? Министрдин жообу

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
801 0 0

Министр билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү деп үч адамдын атын атады.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн катарында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкекте өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди.

Министрге журналисттердин бири "Сапат" билим берүү мекемесин негиздегендердин катарында Сапар Исаков да бар экени тууралуу кептер тарап жатканын айтып, мунун канчалык чындыгы бар экенин сураган.

"Негиздөөчүлөрдүн аты-жөнүн айта кетейин. Алар: Инанды Орхан, Майрамбек Жумалиев, Жолдошали Көчкөнбаев жана Билим берүү министрлиги. Бул үч адам тең Кыргызстандын жарандары. Ал эми Сапар Исаков алардын арасында жок", — деди Кудайбердиева.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган сентябрдын башында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип, дин аалымы Фетхуллах Гүленге таандык делген билим берүү мекемелерин жабуу маселесин көтөргөн. Өз кезегинде президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин ишмердиги мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө экенин айтып, анын уюштуруучулар курамына КРдин Билим берүү жана илим министрлиги киргенин белгилеген.

2016-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда Түркия Фетхуллах Гюлендин уюмуна караштуу мектептерди жабууну айтып, бирок кыргыз бийлиги андан баш тарткан.

Тема боюнча

"Сапаттын" ордуна Түркиядан "Маариф" келеби? Министрликтин жообу
Гүленчилер таасирдүү кыргызстандыктарды коркутушканбы? Саясатчылар эмне дейт?
Белгилер:
"Сапат" билим берүү мекемеси
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ