Армения демилгечи болду. Жээнбеков менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү

Жазылуу
Кеп регионалдык интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү туурасында да болду.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Армения тараптын демилгеси боюнча президент Сооронбай Жээнбеков Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кызматташууну талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тараптар Кыргызстан менен Армениянын ортосунда алака-катнаштын актуалдуу маселелерин сүйлөштү", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ сыяктуу регионалдык интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0