Түрк кеңешинин саммитинин жыйынтыгында кол коюлган документтердин тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСовет сотрудничества тюркоязычных государств в Чолпон-Ате
Совет сотрудничества тюркоязычных государств в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюп, айрымдарын кабыл алды.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин өлкө башчыларынын саммитинин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

3-сентябрда өткөн саммитке Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжандын президенти ИльХам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев катышты. Андан сырткары, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан ардактуу конок катары чакырылган.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

1. Түрк кеңешинин башкы катчысын, башкы катчынын орун басарларын жана Түрк академиясынын президентин дайындоо жөнүндө чечим;

2. Түрк Кеңешинин Венгрияга байкоочу статусун берүү жөнүндө чечим.

Кабыл алынган документтер:

1. Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясынын концепциясынын долбоору;

2. Спорттун улуттук түрлөрү жана жаштар жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү;

3. Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата биргелешкен билдирүүсү.

Быйыл Кеңешке төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0