Ысык-Көл өнүктүрүү фондусуна жаңы башчы дайындалды

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской областиЫсык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору болуп дайындалган Алдаярбек Тойгоналиев
Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору болуп дайындалган Алдаярбек Тойгоналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл өнүктүрүү фонду Кумтөр кенинен түшкөн дүң кирешенин бир пайызын алат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Алдаярбек Тойгоналиев Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка облус башчысы Акылбек Осмоналиев кол койгон.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев встретился с исполнительным директором компании Centerra Gold Inc. Скотом Перри - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев Centerra Gold Inc. жетекчилиги менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду
Алдаярбек Тойгоналиев 1957-жылы 17-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Боз-Булуң айылында төрөлгөн. Совет мезгилинде айдоочу, слесарь жана арматура чыгарган цехтин мастери, андан кийин начальниги болгон. Кийин облустун Капиталдык курулуш башкармалыгында эмгектенген. Өнүктүрүү фондусунун жетекчисинин орун басары болуп дагы иштеген. 2015-2017-жылдары кайрадан эле Ысык-Көл облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгында эмгек өтөгөн.

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду Кумтөр кенинен түшкөн дүң кирешенин бир пайызын алат.

Аталган фонддун мурдагы башчысы Алмазбек Осмонов өз каалоосу менен арыз жазып ишин тапшырып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0