Шаардык сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

© Фото / пресс-служба ЖК КРМурунку премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү
Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу өкүмүн өзгөрткөн жок.

Бүгүнкү сот отурумуна журналисттер дагы киргизилди.

Чай ичишип жүрчү элек го! Сапар Исаковдун апасы президентке кайрылган видео - Sputnik Кыргызстан
Чай ичишип жүрчү элек го! Сапар Исаковдун апасы президентке кайрылган видео
Сотто адвокаттардын бири Учкун Каримов тергөө учурунда Сапар Исаков бардык документтерди — ID карта, жалпы жарандык паспортун жана дипломатиялык паспортун тийиштүү органдарга тапшырып бергенин айтып, бул документтери жок чет жакка чыга албай турганын белгиледи.

Жактоочу ошондой эле ал бардык сурактарга өз убагында келип, тергөөнүн тартибин бузбаганын айтты.

Каримов буга чейинки инстанциялар коррупцияга каршы күрөшүү кызматтын бир барак рапортуна таянуу менен Сапар Исаковду үй камагына чыгаруудан баш тартканын белгиледи. Ал андан сырткары, эгер Исаковду үй камагына, мамлекеттен чыгып кетпөө тил каты менен жана күрөө менен баш коргоо чарасын өзгөртсө тергөөнүн жүрүшүнө таасир бербей турганын айтты.

Айыпталуучу Сапар Исаков дагы жактоочуларынын айткандарын тастыктап документтеринин бардыгын тергөөчүлөргө бергенин, сот отурумдарына 10-15 мүнөт эрте келип жүргөнүн айтты. Ошондой эле ал тергөө иштери башталганда КСДП партиясынын төрага орун басары катары Россияга маанилүү жыйынга барууга тергөөчү уруксат бергенине карабай айрым шектенүүлөрдү жаратпоо үчүн андан баш тартканын айтты.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сатыбалдиев менен Калиевди камакта калтыруунун мөөнөтү узартылды
Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук соту 31-июлда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, 5-октябрга чейин камакта калтырган.

Сапар Исаков Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0